Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Казакстанда биринчи аял генерал пайда болду


Президент Назарбаев бүгүн Казакстандын башкы прокурорлугунун укуктук статистика жана мыйзамдык каттоолор комитетинин төрайымы, 52 жаштагы Сауле Айтпаевага генерал наамын ыйгарды. Астана шаарындагы президент сарайында өткөн салтанатта Назарбаев тартип сактоо органдарынын жана коргоо министрлигинин ондогон офицерлерине жаңы наам жана мамлекеттик сыйлыктар тапшырды. Салтанат Казакстанда 7-майда белгиленчү “Ата журтту коргоочулар күнүн” утурлай уюштурулду.

XS
SM
MD
LG