Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Эксперттик топ: Батукаевдин айыккыс ооруга чалдыкканы күмөн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Азиз Батукаевдин мамлекеттен чыгарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия мүчөсү Алмазбек Баатырбеков кабарлады. Анын айтымында, Гематология, Онкология борборлорунун дарыгерлери жана бир катар адистерден турган эксперттик топ "Азиз Батукаевдин ак кан дартына чалдыкканы тууралуу диагноз туура эмес" деген тыянак чыгарган. Эми депутаттык комиссия мүчөлөрү бир жума ичинде бул жыйынтыктардын негизинде корутунду даярдап парламентке алып чыкмакчы.

9-апрелде Нарын шаардык соту кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Парламент бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзгөн. Депутаттык комиссия Батукаевдин бошотулушуна катышы бар делген бир катар жетекчилерди кызматтан убактылуу четтетүүнү сунуштап, вице-премьер-министр Шамил Атаханов кызматын өз эрки менен убактылуу тапшырган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG