Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Пакистандагы жардыруудан 14 адам ажал тапты


Жардыруу Пакистандын түндүк-чыгышындагы Куррам аймагындагы шайлоо өнөктүгү үчүн митинг жүрүшүндө орун алды. Жергиликтүү полиция дагы 45тен ашык адамдын жаракат алганын кабарлады.

Дарыгерлер айрым жаракат алгандардын абалы өтө эле оор экенин билдирүүдө. Пакистанда 11-майга белгиленген парламенттик шайлоону утурлай бомба чабуулдары күч алды.

Апрель айынан бери Пакистандын ар кайсы райондорундагы кол салуулардан 60дай адам мерт болгон. Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти талибдер алып жатат.

XS
SM
MD
LG