Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Кумтөр боюнча түзүлгөн комиссия маалымат берет


Кумтөр кениндеги борпоң тектин жылышын иликтөө боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссия бүгүн маалымат берет. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган комиссиянын төрагасы, өкмөт алдындагы Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, комиссия мүчөлөрү кенге барып, абал менен жеринен таанышып келишти.

Буга чейин Кумтөрдө кенди иштетүүдөн кийинки металл аралашпаган тектер күнүнө метрлеп жылып, электр зымдарын жана административдик имараттарды басып калуу коркунучу жаралганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө бул боюнча комиссия түзүп, абалды иликтөөнү тапшырган болчу. Комиссия тектин жылышынын экологияга жана өнөр жай коопсуздугуна тийгизген кесепетин аныктап, маселени чечүү тууралуу сунуш даярдашы керек.(BkA)

XS
SM
MD
LG