Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Ишкерлер: оң рулдуу унаа менен эл ташууга тыюу салуу мыйзамсыз


Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалар ассоциациясынын башчысы Сергей Пономарев оң рулдуу унаа менен эл ташууга тыюу салган мыйзамга кол койбоо тууралуу президентке өтүнүч жолдоду. Ага ылайык, парламентте документти кабыл алуу мыйзам бузуу менен коштолгон. Долбоордун өзү бизнес коомчулуктун катышуусу жок даярдалган жана коомдук, парламенттик угуулар өткөн эмес. Ошондой эле мыйзам долбоордо ишкерлик менен жан баккандардын укугуна доо кеткен жагдайлар бар.

Жогорку Кеңеш 18-апрелдеги жыйынында унаа каражаттары тууралуу мыйзам долбоорду көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Анда оң рулдуу унаалар менен эл ташууга тыюу салуу каралган. Мыйзам долбоор эми президенттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Документти иштеп чыккан депутаттар мындай чара жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн керек экенин айтып чыгышкан. Жол коопсуздугун күзөткөндөр кан жолдордо кырсыкка көпчүлүк учурда оң рулдуу унаалар кабыларын билдиришкен. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG