Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Түндүк Корея ракеталарын орун которуштурду


Пхеньян чыгыш жээктеги эки ракетасын бир орундан экинчиге которгону тууралуу америкалык расмий өкүлдөр билдиришти. Бирок алардын айтымында, ракеталар учуруучу жайга эмес, кампага которулгандай.

Түндүк Корея мындай кадамды АКШ президенти Барак Обама бүгүн Ак үйдө Түштүк Корея президенти Пак Кын Хе менен кездешер алдында жасоодо.

АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри өткөн айда эгер Түндүк Корея орто аралыкка мерчемделген ракеталарын учурса “ири жаңылыштыкка” жол берерин эскерткен болчу. Пхеньяндын мындай ракеталарды сыноого умтулуусу Вашингтон, Сеул жана Токионун катуу камтамачылыгын жараткан. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG