Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

Ошто нааразылыкка чыккандар тарап кетти


Турак-жай үчүн жер алып, курулуш иштерин баштай албай жүргөн жарандар бүгүн калаанын борбордук аянтына нааразылык акциясына чыгышкан. Алар өздөрүнө бөлүнгөн жерлерди документтештирип берүүнү талап кылышты. Митингчилердин айтымында, Ош шаарынын чекесиндеги Кең-Сай массивинен аларга жер берилген, бирок тиешелүү токтом чыгарылбаганына байланыштуу турак-жай курууну баштай албай жатышат. Нааразылык акциясына 200дөн ашуун адам катышты. Алар Ош облусунун ар кайсыл райондорунан келгендигин айтышты. Колдорунда «Жергиликтүү бийлик, эл менен ойнобогула», «Жаштар жер алууга укуктуу», «Жер маселесин саясатташтырбагыла» деген жазуусу бар плакаттарды кармап алышкан. Алар тез аранын ичинде бул маселени чечүү талабын коюп, түшкө жакын тарап кетишти.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, Кен-Сай массивиндеги турак-жай үчүн бөлүнгөн жердин жарымы Араван районуна, жарымы Ош шаарына карагандыктан, токтом чыгарууда талаш маселелер жаралууда. Андан сырткары жер алгандардын көбү алыскы аймактардан келип, шаарда же райондо туруктуу каттоосу жоктугуна байланыштуу да токтом чыгарууда кыйынчылыктар болуп жатат.

Оштогу бул жер талаш маселеси бир канча жылдан бери уланууда. Көйгөйдү чечүү үчүн 2011-жылы өкмөт мекемелер аралык комиссия түзгөн. Үй салуу үчүн жер ошол комиссиянын чечими менен берилет. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда турак-жай куруу үчүн жерге муктаж 25 000 жаран бар. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG