Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

АКШ элчилиги учак кырсыгында көрсөткөн жардамы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык айтты


Кыргызстандагы АКШнын элчилиги Чүйдө кырсыктаган учак боюнча билдирүү таратты. Анда “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборуна таандык учак кабылган кырсык эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык маанайда иликтенерине ишеним айтылган. Кыргыз өкмөтүнө аталган кырсыкты иликтөө, колдоо иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирилген. Элчилик ошондой эле кырсыкта жоготууга учураган адамдарга көңүл айтып, азасын тең бөлүшкөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG