Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

АКШ Мамлекеттик катчысы Орусияга келди


Жон Керри Москвада президент Владимир Путин баштаган орус бийликтеринен тышкары жарандык коомдун өкүлдөрү менен да кездешет.

Эки күнкү жолугушуулар учурунда Иран менен Түндүк Кореянын өзөктүк коркунучунан тартып, Ооганстандагы кырдаал, эки тараптуу соода жана адам укуктары маселелери талкууланмакчы.

Бул - Жон Керринин Мамлекеттик катчы катары Орусияга алгачкы иш сапары.

Ал сүйлөшүүлөрдө АКШнын чалгын кызматтарынын Сирияда химиялык курал колдонулганы боюнча маалыматтарына таянуу менен Орусияны президент Башар Асаддын режимин колдогон турумун өзгөртүүгө аракеттенери да күтүлүүдө.

АКШ Мамлекеттик катчысы Орусияга Бостондогу террордук чабуулдан кийин келип олтурат. Улуту чечен эки иммигрант жасаган ал жардыруу терроризмге каршы кызматташтыкка кайрадан көңүл бурдурду. (UE)

XS
SM
MD
LG