Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Керри Путинди Сирия боюнча орток пикирге келүүгө чакырды


АКШнын мамкатчысы Жон Керри Орусиянын президенти Владимир Путинди Сирия боюнча Вашингтон менен орток пикирге келүүгө көмөктөшүүгө үндөдү.

Шейшемби күнү Кремлде башталган сүйлөшүүлөрдө Керри эки өлкөнүн Сирия боюнча кызыкчылыктары дал келерин айтты. Ал кызыкчылыктар: аймактык туруктуулук жана экстремизмге каршы күрөш.

Жолугушуунун башында Жон Керри Владимир Путинге президент Барак Обаманын “эки өлкө Сирия, Иран, Түндүк Корея жана экономикалык маселелер боюнча кызматташа алышат” деген ишенимин да билдирди.

Жон Керри АКШнын Мамдепартаментин жетектей баштагандан бери Орусияга биринчи ирет келүүдө (AiK).

XS
SM
MD
LG