Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Энергетика министрлигине Артыкбаевдин талапкерлиги сунушталды


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Энергетика жана өнөр-жай министринин кызмат ордуна Осмонбек Артыкбаевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Артыкбаевдин талапкерлиги жакынкы күндөрү парламентте каралмакчы. Буга чейинки министр Автандил Калмамбетов өткөн айда кызматтан бошотулган.

Осмонбек Артыкбаев учурда өкмөт алдындагы Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси. Ал 2010-жылдагы ыңкылаптан соң техникалык өкмөттүн курамында энергетика министри катары эмгектенген болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG