Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

Камчы Көлбаевдин соту уланат


Бүгүн Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Камчы Көлбаевдин иши боюнча соттук териштирүү уланат.

Жогорку Соттун маалымат кызматынын кабарлашкандай, бүгүн күбөлөр жана жабырлануучулар көрсөтмө берүүнү улантышат. Көлбаевге Кылмыш кодексинин кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган жана анын денесине залал келтирген деген сыяктуу 10 беренеси боюнча айып тагылууда. 39 жаштагы Көлбаев өзүнө коюлган дооматтарды четке каккан.

2011-жылы жайында Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов биргелешкен операциянын алкагында Дубай шаарында кармалганы кабарланган. Былтыр декабрда Камчы Көлбаев Кыргызстанга келип, андан бери УКМКнын тергөө абагында жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG