Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Грузия: Саакашвили Орусиядан газ сатып алууга каршы чыкты


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өкмөттүн Орусиядан газ сатып алууну кайрадан жандаттуу боюнча демилгесин сынга алды.

Шейшембиде азербайжандык кабарчылар менен маегинде Саакашвили Орусиядан кайрадан газ сатып алуу “Грузиянын өз алдынча саясат жүргүзүүсүнөн баш тартууга тете” деп баалады. Анын айтымында, Грузия энергетика тармагында Орусияга көз каранды болбой, табигый газды толугу менен Азербайжандан сатып алышы керек. Бул үчүн премьер-министр Бидзина Иванишвилиден түшүндүрмө да талап кыларын грузин президенти кошумчалады.

Ага чейин дүйшөмбүдө энергетика жана минералдык ресурстар министри Каха Каладзе Орусиядан газ сатып алууну жандантуу боюнча демилгесин көтөрүп чыккан эле. Грузия 2007-жылдан тарта Орусиядан табигый газ сатып алууну толук токтотуп, Азербайжандан сатып ала баштаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG