Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан балдарды тарбиялоого багытталган ата-энелер үчүн эскертме баракчасы чыгарылды.
Башкармалыктын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, ал Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен көп нускада басылып, ата-энелерге акысыз таратылууда. Баракчада балдарды кылмыш дүйнөсүнө эрте аралашып кетүүсүнүн алдын алуудагы ата-эненин милдети жазылган. Ошондой эле бул жаатта мугалимдер үчүн сунуштар камтылган баракчалар да чыгарылып, ушул күндөрү калаадагы мектептердин мугалимдерине таратылууда.
Бул долбоор мектеп рэкетчилигинин алдын алууга багытталган иш-чаралардын алкагында, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен ишке ашкан. (SE)