Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:47

Жыл башынан бери 12 миллиарддай сом салык чогулду


Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, быйыл төрт айдын ичинде 12 миллиард сомго жакын салык топтолду. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу 13,6 пайызга көп болду. Мамлекеттик казынага түшкөн салык Кумтөр кенин кошпогондо 10,5 миллиард сомдон ашты. Бул 2012-жылга карата 12 пайызга арбын.

Жыл башында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Салык кызматынын жыйынында 2012-жылы салыкчылар планды толтура албай калганын сынга алган. Буга байланыштуу айрым салыкчыларды иштен алууну тапшырган.

Өкмөт башчы быйыл былтыркыга караганда 6 миллиард сомго көбүрөөк салык чогултуу каралып жатканын, ошондуктан талап катуу коюларын, ай сайын отчет тапшырып турууну эскерткен. Өткөн жылы киреше салыгы 143 миллион сомго, сатыктан салык 389 миллион сомго аз чогулганын белгилеген. Акциз салыгы 66 пайызга гана аткарылганын айтып, салык чогултуу ыкмаларын жакшыртууну милдеттендирген эле. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG