Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Муфтиятта аялдар бөлүмү ачылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Мутакалим” мусулман аялдардын коомдук бирикмесининин башчысы Жамал Фронтбек кызы маалымдады. Анын айтымында, буга чейин жер-жерлердеги бөлүмдөрдө иштей турган 12 аял тандалып алынып, беш күндүк семинардан окуду.

Фронтбек кызы соңку учурда аялдар арасында диний экстермисттик уюмдарга кирип кетип жаткан учурлар көбөйгөнүн белгиледи. Бөлүмдүн аймактардагы өкүлдөрү алгач салттуу дин боюнча семинарларды өткөрөт. Ошондой эле кыз-келиндер үчүн канча медересе бар, канча аял өзүн атынча деп атап, кандай шартта, кайсы агымды окутуп жүргөнү такталып-иликтенет. Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын аялдар бөлүмү андан соң кийинки иш-аракеттерин аныктамакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG