Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Ооганстанда Пакистанга каршы демонстрациядагы тополоңдо 11 адам өлдү


Бүгүн Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясында жүздөгөн оогандар жакында Пакистан менен чек арада болгон атышууга нааразылык иретинде митингге чогулушкан. Жергиликтүү администрациянын расмий өкүлү «Азаттыкка» айтканына караганда, чогулган элдин катарына кошулуп алган талибдер полицияга ок аткан. Натыйжада сегиз талиб жана машинелери күйүп кеткен үч киши окко учканын кабарлашты.

«Пакистанга өлүм» деген кыйкырыктар менен айрымдар Кандагарда кечээ да көчөгө чыгышкан. Өткөн аптада Ооган жана Пакистан чек арачыларынын ортосундагы атышууда бир ооган полициясы өлүп, эки пакистандык аскер жаракат алышкан эле. Дүйшөмбүдө ошол эле жерде атышуу кайталанган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG