Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Кыргызстан Жеңиш күнүн белгилөөдө


Бүгүн Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына арналган салтанат өтөт. Ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө башчылары, Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери катышмакчы. Салтанатта согушта курман болгондор эскерилип, аскердик парад өтөт. Мындан сырткары жер-жерлерде Жеңиш күнүнүн урматына иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондой эле бир катар спорттук жана маданий иш-чаралар уюштурулат. Президент Алмазбек Атамбаев шаршембидеги ардагерлер менен жолугушуусунда жыл сайын согуштун катышуучуларынын саны азайып жатканын айтып, аларга кам көрүү үчүн мамлекет колдон келген аракетин кылып жатканын билдирген.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2000ге жакын согуштун, 8 миңден ашуун ооруктун ардагери бар. Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 155 миңден ашыгы кайтпай калган. (BkA)

XS
SM
MD
LG