Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Кумтөр кениндеги кампаларды көчүрүү уланууда


Бул тууралуу "Азаттыкка" "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасынын маалымат катчысы Сергей Дедюхин билдирди. Анын айтымында, борпоң тектин жылып жатканына байланыштуу кен иштеткен компаниянын кампаларын, трансформаторду жылдыруу былтыр эле пландалган. Ага ылайык, 22 айдын ичинде борпоң тектин айланасындагы бардык объекттер көчүрүлүп бүтүшү керек. Бирок тектин тез жылып жатканына байланыштуу көчүрүү иштери тездетилип жатат.

Буга чейин Кумтөрдө кенди иштетүүдөн кийинки металл аралашпаган тектер күнүнө метрлеп жылып, электр зымдарын жана административдик имараттарды басып калуу коркунучу жаралганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө бул боюнча комиссия түзүп, абалды иликтөөнү тапшырган.

Комиссия тектин жылышынын экологияга жана өнөр-жай коопсуздугуна тийгизген кесепетин аныктап, маселени чечүү тууралуу сунуш даярдашы керек. Комиссиянын төрагасы, Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын башчысы Осмонбек Артыкбаев иликтөө уланып жатканын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG