Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:14

Майлуу-Суу электр лампа заводу 889 миллион сомго бааланды


Майлуу-Суудагы электр лампа заводунун наркы атайын комиссия тарабынан 889 миллион сом деп аныкталды.

Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаменттин башчысы Болсунбек Казаков билдирди. Анын айтымында, учурда бул заводду сатып алуу сунушу өкмөткө жөнөтүлдү. Май айынын ичинде өкмөт бул сунушка өзүнүн расмий жообун бериши керек. Эгер өкмөт сатып албай турган болсо завод аукционго чыгарылып, атайын конкурстун негизинде сатылат.

Майлуу-Суудагы электр лампа заводу 2009-жылы банкрот деп жарыяланган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG