Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Жогорку Сот Равшан Сабировдун арызын 23-майда карайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди. Анын айтымында, Жогорку Сот мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун арызын 8-майда карамак. Бирок Сабировдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун суранычынын негизинде сот ишти 23-майга жылдырды.

Былтыр Сабировго чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупциялык аракеттер боюнча айып тагылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-министрди актаганы менен Башкы прокуратуранын доо арызынын негизинде шаардык сот ишти кайрадан карап, март айында Сабировду 5 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн чыгарган. Мындай чечимге нааразы болгон Сабировдун адвокаты Жогорку Сотко арыз жазган.(BkA)

XS
SM
MD
LG