Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Ош: ардагерлер борбордук аянтка лимузин менен келди


Ош шаарында борбордук аянтта согуш жана оорук ардагерлери үчүн салтанат өттү. Ага шаар башчысы Мелис Мырзакматов катышып, ардагерлерди куттуктады. Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 миңдей адам катышканын, азыр болсо 43 эле ардагер калганын белгиледи. Аларга убагында моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүлүп жатканын айтты.

Жеңиштин урматына уюштурулган салтанатта театрлаштырылган оюн көрсөтүлдү, салтка айланган тамак берилди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG