Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Н.Шариф: Мен шайлоодо утсам, терроризмге каршы күрөштөн Пакистан чыгат


Наваз Шариф буга чейин да өлкөнүн өкмөтүн башкарган
Наваз Шариф буга чейин да өлкөнүн өкмөтүн башкарган
Пакистандын келерки премьери болушу мүмкүн делинип жаткан киши, эгер шайлоодо утса, согушту токтотом дейт. Наваз Шариф “Би-Би-Си” корпорациясынын суроосуна жооп берип жатып, эгерде бүрсүгүнкү шайлоодо жеңсе, терроризмге каршы АКШ баштаган согуштан Пакистан келечекте чыгарын айтты.

Бирок андай болсо, талибанга жана “ал-Каидага” каршы Пакистан өз алдынча согушабы же жокпу, муну тактаган жок. 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга жасалган террор чабуулунан бери Пакистан терроризмге каршы Кошмо Штаттары баштаган согушка катышып келатат.

Коом пикирин билиш үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, Шариф жетектеген “Пакистан мусулмандар лигасы-Н” - 11-майда өтө турган парламенттик шайлоодо утат го делинип жаткан негизги партия.

XS
SM
MD
LG