Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Жеңиш күнүнө арналган негизги аскерий парад Москвадагы Кызыл аянтта өттү


Кызыл аянттагы парадда түрдүү аскерий техника көрсөтүлдү, 9-май, 2013
Кызыл аянттагы парадда түрдүү аскерий техника көрсөтүлдү, 9-май, 2013
Орусиянын президенти Владимир Путин фашисттик Германияны жеңген күндүн урматына арналып уюштурулган майрамда сүйлөп, “мындан ары эч ким жаңы согуш ача албагыдай болушу үчүн Орусия колунан келгендин баарын жасайт” деп белгиледи.

Жеңиш күнүнө арналган парадда танктар менен ракеталар, аскерий учактардын жаңы үлгүлөрү жана башка согуштук куралдар көрсөтүлүп, 11 миңдей аскер, аскердик окуу жайлардын курсанттары маршка чыгышты. Майрамдык парадга байланыштуу Москвада коопсуздукту 10 миңден ашуун полиция кызматкери коргоп тураары алдын ала маалымдалган.

Бул күн Орусияда жана постсоветтик көптөгөн өлкөлөрдө эң башкы майрамдардын бири катары саналат. Майрамдык иш-чаралар мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да түрдүү майрамдык оюн-зооктор менен коштолду.

XS
SM
MD
LG