Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:42

Жол кырсыгынан ЖТРдин журналисти каза болду


9-май күнү түштө Сузак-Кайрыгач унаа жолунда "Тико" үлгүсүндөгү унаа менен "Мерседес" кагышкан. "Тикодо" келаткан Жалал-Абад телерадио корпорациясынын кабарчысы Жазгүл Каракозиева алган жаракатынан улам ооруканада каза болду. "Мерседестин" айдоочусу камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сузак райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, ЖТРдин журналисти Ноокен районунан, Жеңиш майрамы жана азыр убактылуу кызматтан четтеген вице-премьер-министр Шамил Атахановдун атасына ачылган эстелик тууралуу берүү тартып келе жаткан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG