Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:33

Укук коргоочулар: айыкпас дартка чалдыккандарды түрмөдөн бошотуу керек


“Бир дүйнө-Кыргызстан” укуктук кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова абакта оор дартка чалдыккандарды бошотуу тууралуу президентке жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу даярдалып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Укук коргоочу кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаев өңдүүлөр айыккыс дартка чалдыкты деп бошотулуп, ал эми жүздөгөн карапайым адамдар түрмөлөрдө оорунун айынан жапа чегип жатканын белгиледи.

Төлөйкан Исмаилованын айтымында, Жаза аткаруу кызматы айыккыс дартка кабылган деген адамдардын тизмесин бербей жатат. Укук коргоочулар буга байланыштуу жакында абактардын баарын кыдырып, мониторинг жүргүзүүнү пландаштырууда. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG