Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Атамбаев: насыялар эл үчүн пайдалуу болушу керек


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда быйыл Кыргызстандын улуттук валютасы – сомдун 20 жылдыгы белгиленерин, бул убакыт аралыгында өлкөнүн каржы системасы түптөлүп калганын белгиледи. Президент алдыда дагы жасала турган иштер бар экенин, эгемен Кыргызстандын банк системасы өлкө экономикасынын өнүгүшүн шартташы керектигин айтты.

"Банк системасы мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгын, каржылык коопсуздугун камсыздоодо негизги ролду ойноп, каржы ресурстары элге жетимдүү болушу керек жана жакынкы күндөрү насыя берүүнүн мөөнөтү менен көлөмүн көбөйтүп, үстөк пайызын азайтуу зарыл", -деди Атамбаев. Президент банк коомчулугу атаандаштыкты күчөтүп, инвестиция тартууну жакшыртууга салым кошуусу керектигин кошумчалады. (EBM)

XS
SM
MD
LG