Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Бишкекте укук коргоочу Улугбек Азимов сабалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова кабарлады. Анын айтымында окуя кечээ кечки 8дер чамасында Бөкөнбаев менен Совет көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Азимов уулу жана кайниси менен унаада келатканда белгисиз адамдар машина менен кууп келип, алдын тороп токтотуп, үчөөнү тең ур-токмокко алган. Натыйжада Аизмовдун оң буту эки жерден сынган, бети-башы көгала болгон. “Бул окуя боюнча Свердлов ички иштер бөлүмүнө арыз жазылды. Кол салган адамдардын унаасынын номуру, маркасы белгилүү болсо да азыркыга чейин кармала элек, бул окуя Азимовдун кесиптик ишине байланыштуубу, же дагы башка себептери барбы, белгисиз”, - дейт Абдирасулова.

Азимов Ички иштер министрлигинин байкоочу кеңешинин мүчөсү жана көз карандысыз укуктук топтун эксперти, ошондой эле жакында эле Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Координациялык кеңешине төрага болуп дайындалган.(EBM)

XS
SM
MD
LG