Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Абдылдаев: Кыргызстанды Бакиевге каршы кылмыш иштин жабылышы иренжитти


Бул тууралуу тышкы иштер министр Эрлан Абдылдаев бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен менен жолугушууда билдирди.

Министр мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу боюнча өтүнүчүн Вашингтон кайтарып алганына камтамачылык айтты. Ага АКШда оор беренелер боюнча айып тагылганын, эгер күнөөсү далилденсе ошол өлкөнүн мыйзамына ылайык, 20 жылдан 40 жылга чейин эркинен ажыратылмактыгын белгиледи. Кыргызстан сыртынан соттолгон мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарын алып келүүгө болгон аракетин жумшарын кошумчалады. Жолугушуу азыр жабык уланып жатат. Анда АКШнын "Манас" аба майданындагы транзиттик жүк ташуучу борбору тууралуу да сөз болоору кабарланган. (EBM)

XS
SM
MD
LG