Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Казак жана түркмөн президенттери жаңы темир жол ачат


Эртең Борбор Азиядагы эки өлкөнү байланыштарган темир жолдун расмий ачылышы болот. Президент Назарбаев жаңы темир жол Каспий боюндагы эки шаарды Перс булуңу менен байланыштыруу үчүн узартылаарын түркмөн коллегасы менен Астанада жолуккандан кийин журналисттерге айтты. Жаңы темир жолду ачуу салтанаты Казакстандын түштүк батышындагы Актау шаарында өтөт.

Назарбаевдин айтмында, бул тарыхый окуя болуп калат. Түркмөн президенти Бердымухаммедовдун Казакстанга сапары жума күнү башталды. Ал журналисттерге президент Назарбаев менен эки тараптуу экономикалык кызматташтык тууралуу сүйлөшкөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG