Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Германиянын канцлери Меркел күтүүсүз сапар менен Ооганстанга барды


Ангела Меркел жакында ооган жергесинде Германиянын атайын маанидеги курамынын аскери набыт болгону өз өлкөсүндөгүлөрдү сестенткенин айтты.

Бул соңку эки жылда ооган жергесинде набыт болгон биринчи немис аскер эле. Меркел Кундуздагы аскерий базада сүйлөгөн сөзүндө, бул окуя Ооганстанда кырдаал дагы деле кооптуу экендигин көрсөтөрүн айтты. Эл аралык коалициялык күчтөрдүн Ооганстандын улуттук армиясын коопсуздукту толугу менен өз моюнуна алууга көмөктөшүүсү мезгил талабына жооп бергендигине дагы токтолду.

Ооганстанда жайгашкан 4300 немис жоокерлери 2014-жылы өз мекенине кайтат.

XS
SM
MD
LG