Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Абдылдаев: Максим Бакиевдин кылмыш ишин токтотуу демократияга доо кетирди


Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен менен жолугушууда “америкалык бийлик Максим Бакиевге тагылган айыптардын олуттуулугун белгилеп келгени менен кылмыш ишти токтотуп, демократиянын мыйзам үстөмдүгү жана жаза аткаруу принциптерине доо кетирди" деп билдирди.

Кыргызстанда Максим Бакиев бир катар кылмыштар үчүн соттолгонун, аны Британиядан алып келип кылмыш жоопкерчилигине тартууга кыргыз бийлиги бардык аракеттерди көрөт деп ишендирди. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулуна карата кылмыш иштин токтотулушу Кыргызстанды ирээнжиткенин белгиледи.

Жабык жолугушуудан чыккандан кийин АКШ элчиси журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты. (EBM)

XS
SM
MD
LG