Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Пакистандагы тарыхый шайлоо кан төгүү менен коштолууда


Добуш берүүгө келген аялдар. Равалпинди, 11-май, 2013-жыл.
Добуш берүүгө келген аялдар. Равалпинди, 11-май, 2013-жыл.
Пакистандын биринчи ирет өз мөөнөтүндө өтүп жаткан бул шайлоосундагы добуш берүү жергиликтүү талибдердин коркутууларына карабай уланууда.

“Азаттыктын” Пакистан кызматы – “Машаал” радиосу билдиргендей, шайлоо бекеттери ачылгандан бир нече сааттан кийин эле Карачи шаарындагы бомба жарылуудан кеминде 10 адам өлүп, бир нечеси жаракат алды. Бутага секулярдык багыттагы – Авами улуттук партиясынын кеңселери алынгандай.

Талибандын Пакистандагы бөлүмү шайлоону исламга каршы деп мүнөздөп, добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратарын эскерткен. Хайбер-Пахтунква провинциясынын борбору – Пешевар шаарында аял шайлоочуларды бутага алган эки жардыруудан 22 киши жарадар болду.

Ал эми уруулар жашаган жана Талибандын таянычы катары саналган Түндүк Вазирстан аймагында мечиттердеги үн күчөткүчтөр аркылуу аялдарга шайлоо бекеттерине барбоо, үйүнө чыкпоо эскертилген.

Пакистандыктар бүгүн 342 депутаттан турган Улуттук ассамблеяны жана Хайбер-Пактунхва, Пенжаб, Синд, Белучистан провинцияларында жергиликтүү парламентти шайлап жатышат.

Улуттук ассамблеядагы 60 орун атайы аялдар үчүн, 10 орун мусулман эмес азчылыктар үчүн бекитилген. Өлкөдө добуш берүүгө укуктуулардын саны 86 миллиондон ашуун. Шайлоо бекеттерин кайтаруу үчүн коопсуздук күчтөрүнүн 600 миңдей өкүлү жайгаштырылды. Шайлоо өнөктүгү учурунда согушкерлердин кол салууларынан 120дай кишинин өмүрү кыйылган.

Бүгүнкү шайлоо Пакистандын 66 жылдык тарыхында жарандык өкмөт алгач ирет өз бийлик мөөнөтүн толук иштеп бүткүндөн кийин өтүүдө. Өлкө көз карандысыздык алган 1947-жылдан берки мезгилдин жарымында Пакистанды армия башкарып, алар үч ирет төңкөрүш жасашкан.

Азыркы шайлоодо добуштардын көбүн мурдагы премьер-министр Навази Шарифтин Мусулман Лигасы –Н партиясы алары күтүлүүдө.

Ал эми бийлик мөөнөтү аяктаган өкмөттү башкарган Пакистан Элдик партиясынан шайлоочулардын көңүлү калгандай. (UE)

XS
SM
MD
LG