Унаанын кожоюну тууралуу маалымат такталып, азыр аны ким айдап жүргөнү аныкталып жатканын "Азаттыкка" “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.
Укук коргоочу Улугбек Азимов 9-майда кечки саат 8дер чамасында уулу жана кайниси менен унаада келатканда белгисиз адамдар машина менен кууп келип, алдын тороп токтотуп, үчөөнү тең сабап салган. Натыйжада Аизмовдун оң буту эки жерден сынган, бети-башы көгала болгон. Окуя Бишкектеги Совет жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Бул ишти Азимовдун ишмердүүлүгүнө байралыныштырган укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстанда укук коргоочулар үчүн коркутуу-үркүтүүлөр көндүм эле көрүшүн болуп калганын, бирок минтип таламандын так түшүндө, калаанын борборунда мыкаачылык менен сабоо биринчи жолу болуп жатканын айтты.
Бул ишти Свердлов райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатат. Шаардын ички иштер башкармалыгынын төрага орун басары Александр Белунскас бул иш аягына чыгаарын, сабагандар жазаланарын “Азаттыкка” билдирип, тергөө кызыкчылыгы үчүн иштин чоо-жайын маалымдоодон баш тартты.
Азимов Ички иштер министрлигинин байкоочу кеңешинин мүчөсү жана көз карандысыз укуктук топтун эксперти, ошондой эле жакында эле Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Координациялык кеңешине төрага болуп дайындалган. (ТТо)