Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Иранда бүгүн президенттикке талапкерлер арыз берүүчү акыркы күн


Тегерандан түшкөн кабарларга караганда, президенттик шайлоого катышуу ниетин азыркыга чейин 360тан ашуун киши билдирген. Алардын арасында мурдагы вице-президент, реформачыл саясатчы Реза Ареф, парламенттин мурдагы төрагасы, жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин саясий өнөгү Голам Али Хаддад Адел да бар.

Ирандагы эреже боюнча президенттик шайлоого талапкер болгусу келгендердин арызын аятолла Хаменеи дайындоочу жана диний консерваторлордон турган Сакчылар кеңеши карап, акыркы тизмени 23-майга карата бекитет. Шайлоо 14-июнга мерчемделген.

Анда жеңген саясатчы бийликтеги экинчи мөөнөтү аяктап жаткан азыркы президент Махмуд Ахмадинежадды алмаштырат.

2009-жылы Ахмадинежаддын кайра шайлануусуна каршы демонстрацияларды бийлик күч менен баскан болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG