Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Грузияда башкаруучу коалиция президенттикке талапкерин атады


Георги Маргвелашвили.
Георги Маргвелашвили.
Премьер-министр Бидзина Иванишвилинин ишембидеги жарыясына караганда, “Грузин кыялы” коалициясы президенттикке билим берүү боюнча учурдагы министр Георги Маргвелашвилини көргөзөт.

Иванишвили белгилегендей, мындай чечим алты партия кирген жана парламентте көпчүлүктү түзгөн “Грузин кыялы” коалициясынын кеңеши тарабынан бир добуштан кабыл алынды.

Грузиядагы президенттик шайлоо октябрь айына мерчемделген. Анда “Грузин кыялы” коалициянын талапкери жеңет деп күтүлүүдө. Бирок шайлоодон кийин жаңы Баш мыйзам күчкө киргендиктен грузин президентинин ыйгарым укуктары азыркыдан кыйла азаят. (UE)

XS
SM
MD
LG