Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

“Дордой” командасы бүгүн 3-оюнга чыгат


“Дордой” футбол клубу бүгүн Азия футбол конфедерациясынын президенттик кубогунун мыктыларды тандоо мелдешинин үчүнчү беттешүүсүнө катышат. Кыргыз командасы кечинде Филиппиндердин чемпиону “Глобал” командасы менен ойнойт. Филиппиндер азырынча экинчи тепкичте турат.

10-майда “дордойчулардын” атаандашы Бутандын чемпиону “Йездин” командасы беттешип, аларды 9:0 эсебинде утуп, өз тобунда лидер болуп калды. 8-майда Пакистандын чемпиону “КРЛ” командасы менен алгачкы оюнда 1:1 эсебинде тең чыккан.

АФКнын президентиин кубогуна мыктыларды тандоо туру 8-майдан бери Филиппиндердин Себу шаарында өтүп жатат. Ал бүгүн жыйынтыкталса, жеңүүчүлөр финалга чыгат.

"Дордой" клубу 2006-2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки жолу утуп, баш байгенин ээси болгон. (КМа)

XS
SM
MD
LG