Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

"Талибан" кыргыз учкучу менен чогуу барымтага алынган 4 түрктү бошотту


Талибдердин барымтасында турган Нурлан Конушбеков. Сүрөт кайсы жерден тартылганы белгисиз.
Талибдердин барымтасында турган Нурлан Конушбеков. Сүрөт кайсы жерден тартылганы белгисиз.
Бул тууралуу бүгүн Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган жарыялады.

Эрдоган Стамбулдагы митинг учурунда белгилегендей, Түркиянын чалгын кызматынын аракеттеринин натыйжасында, талибдер сегиз инженердин төртөөсүн аман-эсен өткөрүп берди.

Түркиялык сегиз инженер өткөн айда Ооганстандын Логар провинциясында аргасыз конууга мажбур болгон орусиялык тик учактын жүргүнчүлөрү эле. Алар менен кошо "Талибан" анда ооганстандык эки жана Орусия менен Кыргызстандын бирден учкучун да барымтага алган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учкуч Нурлан Конушбековду бошотууга жардамдашуну өтүнүп, ооган бийликтерине кайрылган. (UE)

XS
SM
MD
LG