Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Эрдоган: Түркия Сириядагы жаңжалга аралашпайт


Бул тууралуу түрк премьери Режеп Тайып Эрдоган жекшембиде Стамбулдагы митингде сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, өткөн ишембидеги Рейханлы шаарчасындагы жардыруулар "Түркияны Сириядагы согушка аралаштырууну каалаган чагым болгон, бирок мындан майнап чыкпайт". Ошондой эле Эрдоган жарандарды чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырды.

Түркиянын Сирия менен чектеш Рейханли шаарчасында кош жарылуудан 46 кишинин өмүрү кыйылган. Түркия бийликтери жардыруулар үчүн Сирия президенти Башар Асаддын режимине байланышы бар топтордон жана чалгын кызматтарынан шек санап жатат.

Түркиянын ички иштер министри Муаммар Гүлер жардырууга тиешеси бар делген 9 адам кармалганын, алардын арасында Сириянын чалгын топтору менен байланышы бар адамдар бар экенин жана айрымдары күнөөнү моюнуна алганын жар салды. Ага чейин Сириянын өкмөтү Түркиядагы кош жарылууга тиешеси болбогонун билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG