Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Эрдоган Сирияга жооп берилерин эскертти


Түркиянын Рейханли шаарында болгон жардырууга байланыштуу Анкара жана Дамаск бири-бирин айыптады. Ишемби күнү чек арага чукул Рейханлиде эки автомобилге коюлган бомба удаасы менен жарылып, 46 киши апаат болгон.

Түрк бийликтеринин маалымдашынча, Сириянын чалгындоо кызматы менен байланышы бар деп камакка алынган түркиялык сегиз жаран бомба чабуулун уюштурганга катышканын моюнуна алган.

Сирия өкмөтү чабуулга тиешеси жок экенин билдирип, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганды түрктөрдүн жана сириялыктардын канын атак-даңкка жетүү үчүн пайдаланууда деп күнөөлөгөн.

Эрдоган Стамбулда жасаган билдирүүсүндө:

-Ким Түркияга зыян келтирүүнү кааласа, эртеби-кечпи кун төлөйт. Чоң мамлекеттер социалдык милдеттенмесине ылайык аракет кылат. Чоң мамлекеттерге чабуул жасалганда, алар адеп провокация жасалгандан эки эсе күчтүү жооп берет. Бирок алар туура убакытты күтөт - деп эскертти.

Анкара сириялык козголоңчуларды колдоп келет жана Сирия өкмөтүн кызматтан кетүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG