Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

ОшМУда Ыйман лицейи ачылат


Ош мамлекеттик университетинде Түркиядагы Имам Хатиб лицейлеринин үлгүсүндөгүдөй Ыйман лицейи ачылат. Аталган окуу жайда Түркиянын Билим берүү министрлигинин, Дин иштер башкармалыгынын жана “Диянет” фондунун өкүлдөрү болуп, атайын келишимге кол коюлду.

Ыйман лицейине окуучуларды кабыл алуу ушул күздө башталат. Аталган окуу жайдын маалымат кызматынын билдиришинче, түрк тарап ыйман, адеп-ахлак тууралуу сабактарды өтүүнү, материалдык-техникалык жактан камсыз кылып, окуучуларга бир маал ысык тамак уюштурууну моюнуна алды. Ошондой эле лицей үчүн окуу имараты менен жатакана да куруп бермекчи. Окуучуларга так, гуманитардык жана табыгый илимдерди ОшМУнун окутуучулары үйрөтөт. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG