Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Иран: Президент Ахмадинежад мыйзам бузду деп күнөөлөнүүдө


Башмыйзам сакчылары президент Махмуд Ахмадинежадды "шайлоо эрежесин бузду" деп, жоопко тартышы ыктымал. Бул жөнүндө Ирандын өкмөттүк телеканалы Ислам конституциясынын сакчылар кеңешинин өкүлүнө шилтеп, кабарлады.

Ахмадинежад ишемби күнү администрация башчысы Эсфандияр Рахим Машаини президенттикке талапкер болуп катталганы барганда коштоп жүргөн. Кеңештин өкүлү Аббас Али Катходайинин сөзүнө караганда, президент Ахмадинежаддын айыбын сот тастыктаса, ал жарым жылга чейин соттолушу же ага 74 балак урулушу мүмкүн. Машаинин айтышынча, Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейинин чөйрөсү бу сыяктуу мыйзамсыз иштери менен дүниябий жетекчиликке каршы аракеттерге салым кошууда.

Иранда президенттик шайлоо 14-июнда болот. Бүгүнкүгө карай Ички иштер министрлиги 686 талапкерди каттады. Он күн арасында Ислам конституциясынын сакчылар кеңеши шайлоого катышчу талапкерлерди аныктайт жана жараксыз деп тапкандарын жүйөсүн түшүндүрбөй туруп, тизмеден сызып салат.

XS
SM
MD
LG