Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Наваз Шариф Пакистан-Индия алакасын жакшыртууга чакырды


Пакистандын келерки премьер-министри болчу Наваз Шариф өлкөнүн Индия менен болгон мамилесин жакшыртууга үндөдү. Наваз Шариф башындагы Пакистан мусулман лигасы эки күн илгерки жалпы элдик шайлоодо ишенимдүү жеңген.

Шариф бүгүн Лахордо кабарчылар менен өткөн кездешүүдө Индиянын премьер-министри Манмохан Синх менен сүйлөшүп, экөө бири-бирин визит менен келип кеткенге чакырганын билдирди. Индия жана Пакистан 1947-жылдан бери үч ирет согушкан. Эки ирет согуш Кашмир региону үчүн болгон.

Наваз Шариф 1999-жылы аскерий төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кулатылганга чейин эки жолу премьер-министрлик кылган. Ал ошондой менен АКШ менен да мамилени жакшыртканга үндөп, бирок АКШнын пилотсуз учактарынын Пакистанга сокку уруусун улуттун күнкорсуздугуна “шек тийгизүү” деп атады.

XS
SM
MD
LG