Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Түркия-Сирия ортосунда курч айыптоолор айтылды


Түркиянын Рейханли шаарында болгон жардыруу Анкара жана Дамаск ортосундагы өз ара айыптоолорду күчөттү. Ишемби күнү чек арага чукул шаардагы удаа-удаа жардырууда 46 киши апаат болуп, 100 чамалуу адам жараат алган.
Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган бүгүн Стамбулда сүйлөп, бомба чабуулу үчүн Сирия оппозициясын күнөөлөбөй турганын, бирок чабуулду уюштургандар жазасын аларын эскерткен.

Сириянын маалымдоо министри Омран Зуби Орусия телеканалынан сүйлөп, чабуул үчүн “Түркия өкмөтүн жана премьер-министр Эрдоганды” күнөөлөдү жана Эрдоганды “баш кесер” деп атады.

Анкара Сирия өкмөтүн кызматтан кетүүгө чакырган жана сириялык козголоңчуларды колдойт.

XS
SM
MD
LG