Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Бангладеш: урандылардан адамдарды издөө токтотулду


Бангладештеги кийим тигүүчү фабриканын кыйроосунан өлгөн адамдарды издөө иштери токтотулду. 24-апрелде борбор калаа Дакканын четиндеги тигүү фабрикасынын сегиз кабат имараты кыйраган эле. Андан өлгөндөрдүн саны 1127 деп адам эсептелди. Куткаруучулар үч жумадан кийин издөө иштерин токтотушту. Имараттын урандыларынын алдынан акыркы адамдын сөөгүн өткөн жекшемби күнү алып чыгышты.

Бул кырсыктан соң өлкөдө кийим тигүү тармагындагылар кооптуу шартта иштээри белгилүү болду. Бангладеш кийим тигүү өнөр жайы боюнча дүйнөдөгү Кытай жана Италиядан соңку үчүнчү ири өлкө жана анча кымбат эмес кийим-кече Батыштын ири компанияларынын заказы менен тигилет. Өлкөдө 5000ден ашык тигүү фабрикасы жана 3,6 миллиондон ашык жеке тигүү цехи бар.

XS
SM
MD
LG