Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Иран төрагалык кылган БУУнун жыйынына АКШ катышпайт


Расмий Вашингтон ушул айда Иран төрагалык кылчу БУУнун өзөктүк куралсыздандыруу боюнча жыйынына өкүлдөрүн жибербей турганын маалымдады. АКШнын Улуттар уюмундагы миссиясынын маалымат катчысы Эрин Пелтон 27-майда баштала турган жыйында Ирандын төрагалык кылышын "осол иш" деп баалап, бул жыйындын максатына каршы келээрин билдирди. Бул жыйында өзөктүк куралсыздандыруу жана массалык кыргын салуучу курал өндүрүүнү токтотуу талкууланат.

Буга чейин уран байытуу программасынан баш тартпаганы үчүн БУУ жана АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Иранга бир канча санкцияларды киргизишкен.

Эл аралык коомчулук Ирандын өзөктүк программасынын аскерий өңүтү бар деп шек санаса, Тегеран болсо программасы энергия алуу максатын гана көздөрүн айтып келет.

XS
SM
MD
LG