Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Улуттук кеңеш таза шайлоо өткөрүүнү талкуулап жатат


Бүгүн президенттин алдындагы Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш кезектеги жыйынга чогулду. Анда 2013-2017-жылдарга белгиленген Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында таза шайлоо өткөрүү маселелери талкууланып жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Орусиядан жасалган электрондук урналарды көрсөттү жана ал эксперттердин, депутаттардын сынынан өттү.

Алмазбек Атамбаев таза шайлоо өткөрүүдөн акча аябоо керектигин, адилет шайлоо туруктуу өнүгүүнүн негизи болорун белгиледи.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев жергиликтүү кеңештерге болгон соңку шайлоолорду сынга алган. Добуш берүү эркин жана атаандаштык маанайда өткөнү менен айрым ыплас ыкмалардан арыла электигин көрсөткөнүн билдирген. Болочокто шайлоонун жыйынтыгы тууралуу эч кимде күмөн ой жаралбашы үчүн бардык чараларды көрүү керектигин эскерткен эле. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG