Бүгүн Грекиянын Халкидики шаарында, шахмат боюнча мектеп окуучулар арасында дүйнө биринчилиги үчүн таймаш уланып жатат. Анда алты жаштагы кыргызстандык шахматчы Элдияр Орозбаев 6 упай топтоп, 2-орунда келатат. Ал алдындагы лидерден жарым упай гана артта калууда.
Жети жашка чейинки жеткинчектердин Азия чемпионатынын коло байге ээси, бишкектик Артур Соломко 48 атаандашынын арасында 10-орунду ээлеп турат.
Мелдешке жалпысынан 42 өлкөдөн келген 500дөн ашык шахматчы катышууда. (KMa/EBM)