Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Ош: балдар акысыз мультфильм көрүшөт


Ош шаарындагы “Кыргызстан” кинотеатрында жеткинчектер үчүн акысыз мультфильмдер көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кинотеатрдын жетекчиси Топчубай Досбаев билдирди. Акысыз мультфильмдер ар жуманын дем алыш күндөрү, балдардын тандоосу боюнча көрсөтүлөт. Досбаев билдиргендей, бул өнөктүктү өткөрүүдөгү башкы максат – балдардын кинотеатрларга болгон кызыгуусун арттыруу. Өнөктүк өткөн жекшембиде башталды. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG