Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:44

Президент Жерүйдү иштетүүгө каршы чыккандарды сынга алды


Бүгүн Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Таласта Жерүй кенин иштетүүгө каршы чыккандарды сынга алды. Кенди иштеткиси келбегендер мамлекеттин эсебинен анда пенсия, жөлөк пул алуудан баш тартышы керек деп билдирди. Жерүй боюнча түзүлгөн комиссия кенди иштетүүгө инвестор чыкпасын билип туруп анын баасын көтөргөн деп белгиледи. "Кенди иштетүү кечеңдеп жатат, эгер бир жыл мурун башталса өлкө казынасына 1 миллиардай сом түшмөк",- деди Атамбаев.

Жерүй кенин иштетүү үчүн сынак кечээ, 13-майда аяктады. Ага “Континент финанс” аттуу англиялык компания гана документтерин жиберген. Ушундан улам сынактын мөөнөтү узартылганы жатат.

Кыргыз өкмөтү Жерүй кенинин наркын 300 миллион доллар деп баалаган. Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG